«Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, демек, бербейбиз». Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу өткөрүп жатат

Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу өткөрүп жатат. Анда ал Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жер алмашууга каршы чыгып жаткан тургундарга кайрылып сүйлөдү. Соңку күндөрү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары суу сактагычтын жээгине боз үй тигип, мөөнөтсүз акция башташканын жарыялаган эле.

Ташиев сөзүн баштап жаткан учурда чогулган элдин ичинен чыгып сүйлөгөн бир адамга «атама, апама асылба, атама асылгандын тилин жулуп алам» деп ачууланып кетти. Андан ары маселе тууралуу айтып берүүгө өттү.

«Кемпир-Абадды бербейбиз, ушул бойдон калсын деп жатасыңар, туурабы? Макул. Бул каалоону четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн бийлик эмеспиз, биз силер колдоп келген бийликпиз. Элдин талабы биз үчүн эң негизги талап. Суу сактагычты бербейбиз дедиңерби, демек, бербейбиз», — деди ал.

УКМКнын төрагасы 10-майдан кийин Өзбек делегациясы Ошко келерин билдирди.