«Кемпир-Абаддын тегерегинде ар кандай иштер жүрүп жатат». Мадумаров элдин кооптонуп жатканын билдирди

«Бир канча убакыт болду. Мен расмий түрдө чек ара боюнча жүздөгөн кишилердин кол койгон кагазын жибергем». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров айтты.

«Кемпир-Абаддын тегерегинде ар кандай иштер жүрүүдө. Кошуна мамлекет иш-аракеттерин жүргүзүп жатат. Биз кабатырлануудабыз. Бул кандай болуп чечилген? Бүгүнкү күнгө чейин жообу жок. «Кээ бир жерде казыктар кагылып кеткен сыяктуу» деп чочулоосун 100дөгөн киши кол койгон. Бүгүн ошол кагазга жооп көтөрүп келишсе… Эл арасында уу-дуу болуп жакшы сөз жүрүп жаткан жок», — деди депутат.