Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы болуп дайындалды

Кеңешбай Тайлаков Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кечээ, 14-апрелде кол койгон.

Ошол эле күнү Кеңешбай Тайлаков эмгек жамаатка тааныштырылган.

Кеңешбай Тайлаков 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Аны бул кызматка ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дайындаган.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин Шухрат Сабиров жетектеп келген. Ал ушул жылы 9-мартта өкмөт башчы Мариповдун буйругу менен кызматынан бошотулган эле.