Кенжебек Бокоев: «Бабанов президент болуп келсе күнү бүтөрүн Раим сезип турган»

Парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып Өмүрбек Бабанов менен Райымбек Матраимов тирешине токтолуп өттү.

«2017-жылы президенттик шайлоодон мурун жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бүткүл республикада, Ошто, Кара-Суу шаарында. Анын баарына «Республика» партиясы катышкан. «Раимдин факторуна» ошондо биринчи жолу кез келгенбиз — бир шаарды бир адамдын таасири жана каржысы менен алып койгон окуяга. Анда, билесиңер, Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште болчу. Анан ал маселени парламентте борбордук трибунада көтөрүп чыккан, Бажы кызматындагы маселени дагы. Көп өтпөй 2017-жылы Бабанов президенттик шайлоого чыкты. Раимде Бабановго каршы чыгуудан башка жол жок эле. Анткени Өмүрбек Бабанов президент болуп келсе күнү бүтөрүн Раим сезип турган. Ошонүчүн Бабановго каршы иштеди.»,- деп эскерет Кенжебек Бокоев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.