Кенжебек Бокоев: «Оор кылмыш иши менен соттолгон адам президент да, парламентке депутат да болбошу керек»

«Оор кылмыш ишине айыпталып соттолгон жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы, президенттик кызматка дагы талапкер боло албашы керек»,— дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев. Парламентарий мындай пикирин СуперТВ телеканалына маек берип жатып билдирди. «Мен мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизгем. Биринчи окууда кабыл алынган. Бирок ошол маалда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өңдүү саясатчылар камалып жаткан маал эле. Коомчулук тарабынан «бул бийликтин заказыбы?» деген суроолор, сындар көп болгон. Өзүм да консультациялардан кийин карап көрүп, бийлик үчүн өтө ыңгайлуу мыйзам болуп калат экен, курал болуп калбасын деп чакыртып алгам. Бирок, оор кылмыш жасап, соттолуп, 5 жылдан ашык абакта отуруп калган адам криминалдын таасиринде калышы мүмкүн. Ал түшүнүктөр менен жашап калган болушу мүмкүн. Аларга байланып калган адам президент же Жогорку Кеңештин депутаты болсо, ал ошолордун колундагы куралы болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, келечекте бул мыйзам керек деп эсептейм»,- дейт Бокоев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.