Кенжебек Бокоев: «Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн»

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматта кетирген катасына токтолуп өттү.

«Сооронбай Жээнбековдун 3 жылы Алмазбек Атамбаевдин артындагы иштерди казуу, аны каматуу менен гана өттү. Башка эмне иш болду? Кек алам дедиби? Болбосо аны президенттик кызматка Атамбаев алып келген эле. Айтор, түшүнүксүз. Ал шайлоого киришпей, коррупционерлердин акчасы менен «Биримдикти», «Мекеним Кыргызстанды» жана «Кыргызстанды» парламентке өткөрөм, добуштарды сатып алам дебестен, ким өтсө өтсүн, мыктылар келсин десе абал таптакыр башкача болмок. Биздин президенттердин трагедиясы ошол, өткөн абалынан кете албай, ошол абалдан көтөрүлө албай калышат. Менин оюмча, абакта жаткан оппозиционер дагы, оппозициялык партия дагы президентке тиешеси бар, ошол өлкөнүкү. Ошолордон өйдө чыгып, президент деген баарына бирдей улуттук лидер болушу керек. Келечекте дагы мындай болбосо, абал жакшырбайт. Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Бул маселе эксперттерде, коомдук талкууларда, саясатчыларда, тергөөчүлөрдө көтөрүлүп жатат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы болбосо да келечекте 7-чакырылышта булмаселе каралышы мүмкүн. Бул маселе жабыла элек. Ошондой эле бир эле жогорку Кеңештин эмес, бул маселе боюнча жаңы кызматка киришкен президенттин да позициясы маанилүү болот»,— дейт Бокоев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.