Кербен аэропортун ушул жылы ишке киргизүү тапшырылды

Кечээ, 17-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

Ал Ак-Терек каналындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объекттин курулушун аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды. Андан соң ал Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар  жана оор жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 миллион сомду түзөт. Акылбек Жапаров Кербен аэропортуна да барды. Министрлер кабинетинин башчысы бул объектти үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырды.