«Керек болсо, көбү камалат». Жапыкеев пандемияга жооптуу болгон чоңдорду суракка чакырып баштады

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев “жакын арада өлкөдө коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө жооптуу болгон мурдагы аткаминерлер кармалышы мүмкүн” деп билдирди. Анын айтымында, бул ишке мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, биринчи вице-премьер болгон Кубатбек Боронов жана социалдык блок боюнча вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын тиешеси бар жана алардын баары жооп берет.

“Пандемияга бирөө жооп бериши керек да? Миңдеген киши өлгөнүнө эч ким жооп бербей калабы? Биз бул иштин аягына чыгабыз. Пандемияга ким жооптуу болсо, ошонун баарын суракка чакырабыз. Эч кимге эч кандай “скачуха” болбойт. Керек болсо, көбү камалат”, — деди Жапыкеев.