«Кетерге бир жума калганда». Парламентте вице-спикер шайлоо маселеси көтөрүлдү

Парламент жаңы вице-спикерди шайламакчы. Жыйында депутат Шайлообек Атазов сунуш киргизди. Анын айтымында, бул маселе тиешелүү комитетте каралган.

«Комитеттин чечими болсо, киргизебиз. Бирок жеке пикирди айтып койсок, жаңы депутаттардын келерине бир жума калганда вице-спикерди шайлоо моралдык жактан уят иш. Эске алып койсоңуздар», — деди Аида Касымалиева.