Кимиси бийликке кол чаап турду? Бекешев менен Байсалов кайым айтышты

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште жыйын өтүп, анда Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановду дайындоого макулдук берүү каралды. Депутат Дастан Бекешев министрликке каралып жаткан талапкерге суроо узаткан учурда ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берди.

Бекешев: — Министрлик биринчи кезекте жарандардын жашоосун жеңилдетиши керек. Мамлекеттик кызматтарды бир жерден алышы шарт. Интернет аркылуу адам соттолбогону тууралуу кагаз алуу үчүн документтерди тапшырып, бирок алууга келгенде башка жерге барышы зарыл, санариптештирүү деген ушулбу? Эл бир кагаз алуу үчүн кезекте туруп, бүтүндөй күн ичиндеги убактысын коротуп жатат. Президент Салык кодексине кол койду, бирок аны эч ким таба албай жатат. Ушулбу санариптештирүү?
Байсалов: — Биз бул көйгөйлөрдү билебиз. Бирок он жыл сиз бул жерде отуруп, бийликчил партиянын катарында болуп, санариптештирүүгө убада бергендерге кол чаап отурган адам катары сизге кырдаалды ары-бери чайкабай эле койбойлубу? Жаңы президент келди. Убакыт бериңиз. 2-3 жыл ичинде жыйынтык көрсөтөбүз.
Бекешев: — Байсалов бул жерде кол чаап отурдуңуз, бийликтин партиясында болдуңуз дейт. Мен соттолбогону тууралуу билдирмени жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыккам. Ал кабыл алынбай калган. Мен кол чапкан эмесмин. 2018-жылдан бери сиздин кайсы бир кызматты алуу үчүн кол чаап келе жатканыңызды көрүп келе жатам. Жекеликке өтпөйлү.