«Киргизбегиле дептир». Депутаттар аларга карата терс көрүнүштөр болуп жатканын айтышты

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Мамкурулуштун жетекчилигине нааразы болду.

«Өткөн жумада шайлоочулар менен жолугушууга Талас облусуна бардык. Президент менен өкмөттүн кылып жаткан иштерин элге жеткирип жүрөбүз. Биз көпүрөбүз да. Бийликтин бутагыбыз. Көпүрө-Базар деген айылдагы ооруканага саламаттыкты сактоо министри менен киргенбиз. Мага Мамкурулуштун башчысынын орун басары чалып, «Силер ал жерге эмнеге бардыңыздар? Эмнеге киресиңер, киргизбегиле» дешиптир. Биз эл менен каякта кааласак, ошол жерде жолугабыз. Бул биздин укугубуз», — деди депутат.

Андан соң, депутат Дастан Жумабеков чыгып, ал да нааразычылыгын айтты. «Өкмөт мүчөлөрүн тартипке чакырып койсоңуз. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Эгер ошентип чалганы чын болсо, ал чоң жаңылышат. Ал мыйзам бузду», — деди ал.  Ал депутаттын статусу жөнүндө мыйзам бар экенин эске салды.

Ал эми депутат Эрулан Кокулов бул көйгөй анда эле бар экен деп ойлогонун айтты. «Менин жыйындарыма да бири келбейт. Ошондой буйрук чыгыптыр, жыйынга барбасын деген. Биз эл менен жолуккан жерге келбейт. Мамкурулушта ошондой буйрук чыгыптыр. Бул кандай?» — деди депутат Кокулов.

«Ушундай терс көрүнүштөр орун алып жатканы жашыруун эмес. Баарыбызга маалым. Өкмөт мүчөлөрү, силер буга маани берсеңиздер. Айрым бейтартип, тентек мүчөлөрүнүн айынан бүтүндөй Министрлер кабинети менен парламенттин ортосундагы мамилеге жарака кетирип коюуга негиз болуп калып жатат. Өзүңөр жазалабасаңар, биздин укугубуз бар», — деди спикер Нурланбек Шакиев.