Киров суу сактагычында 23 миллион доллар турган жаңы ГЭС курулат

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКсы суу сактагычтын төмөнкү бөлүгүндө «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды. Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилет.

«Бала-Саруу» ГЭСи Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо саатына 92 миллион киловатт электр энергиясын өндүрөт. Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелчү каржылоо булактарынын көлөмү — 22,9 миллион долларды түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана маселе өнүккөн фазасында. ГЭСтин иштөө режими суу сактагычтын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот. Ошондой эле суу сактагычка агып келген жана алып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун эң жаңы системалары киргизилет. Бул чаралардын бардыгы суу сактагычтын ишин кыйла жакшыртат жана сугат үчүн суунун топтолгон көлөмүн сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет.

Садыр Жапаров учурда «Бала-Саруу» ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоору, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1дин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатканын кошумчалады.