Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров бирикти

«Реформа», «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Асман Ала-Тоо» партиясынын лидерлери — Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров биригишти. Бул тууралуу алар бүгүн атайын жыйын өткөрүп расмий түрдө жарыялашты. Саясатчылар 11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоолорго чогуу аттанышты.