Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна бирге барышат

Бүгүн, 18-февралда үч партиянын лидерлери Элдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова өз күчтөрүн Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоого катышуу үчүн бир партияга бириктиргенин жарыялап, жыйын өткөрүштү.

Анда шайлоого кайсы партиянын атынан катышуу үчүн чүчүкулак тартылып, жыйынтыгында «Реформа» партиясы тандалды. Андан соң аталган партиялардын лидерлери биригүү жөнүндө меморандумга кол коюшуп, бирдиктүү партия катары Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуусулары боюнча келишим түзүштү. Ошондой эле алар түзгөн меморандумга ылайык, Бишкектен башка аймактарда болуучу шайлоодо да бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.

Ал эми мындай шайлоого карата биригүүнүн максаты Бишкек шаарын Кыргызстандын саясий, экономикалык жана маданий турмушунун борбору катары прогрессивдүү өнүгүүсүнө жетиштирүү деп айтышты.

Жыйында үч эле партия бириккени айтылды. Буга чейин учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да өзүнүн «Ак-Ниет» саясий уюму менен бул бирикмеге кошулаары айтылган болчу. Бекешев иш чарага аталган саясатчыларга белгилүү бир себептер менен кошула албай калганын айтып, бирок аларды четтен колдоп көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Аймактык шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык бул саясий жүрүшкө азырынча 10 партия катталган.