Клара Сооронкулова: «Ата Мекен» менен биригели деп жатабыз»

Социалдык тармактарда «Ата Мекен» партиясы менен «Реформа» партиясы бирикти, алар 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого чогуу барышат деген маалыматтар тарады. Бул маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги  «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен байланышты.

Анын айтымында, эки партияны бирикти деп айтуу али эрте. Бүгүн биринчи гана жолугушуу болду. «Бүгүн чогулуп сүйлөштүк. Азыр эки партия бирикти деп айтууга эрте. Бирок «бириксек жакшы болмок» деген сөздөр айтылды. Бул меселе чечиле электигине байланыштуу, эгер бириксек кайсы партиянын атынан шайлоого катышарыбызды да айтуу эрте», — деди ал.