Клара Сооронкулова: «Бабанов мага азыркы бийлик менен мамилеси жакшы экенин айткан. Акыры эмне болду?»

Шайлоого таасир эте турчу адамдардын баарын камап, коркутуп, четтетип койбодубу. Бул тууралуу SUPERTV телеканалынан «Саясий коктейль» берүүсүндө «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

«Кана мисалы, Өмүрбек Баановго ошол саясий максатта жасалды да. Бул киши башында өзүнчө бир кыялданып жүрдү эле, «булар менен мамилем жакшы, баары жакшы болот» деп мына мага өзү айткан да. Акыры эмне болду? «Кустурушту», камалды, ошол менен «Республика» партиясы шайлоого катышпай калды. Аны көрүп эле турабыз. Ошол себептен биригүү азыр негизги талап», — деди ал.