Клара Сооронкулова: «Бизди коргой турган органдар бизди аңдып, кысымга алып жатат»

Мыйзамдуулукту, коопсуздукту сактай турган адамдар бизге кол салып жаткандан кийин чара көрүүнүн деле кажети жок. Бул тууралуу SUPERTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарап кеткендиги жөнүндө өз оюн билдирип жатып айтты.

«Биз азыр өзүбүз менен өзүбүз калдык. Бизди коргой турган органдар бизди басмырлап, аңдып, кысымга алып жатса, кимге кайрылабыз? Айлабыз кеткенде, өлкө башчысына кайрылдык. Айлабыз кеткенде, ага антын эстеттик, «кепил болуп бериңиз, токтотуңуз» деп. Башкы прокурорго жаздык. Акыйкатчы да үн катпайт. Кимге барабыз? Мындан майнап чыкпаса, эл аралык укук коргоо органдарына кайрылабыз», — деди ал.