Клара Сооронкулова: «Добуштардын кол санагына ишенүүгө эч кандай негиз да, кажет да жок»

Шайлоодон кийин 2 күн өттү. Кол саноо 30 пайызга да жете элек. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова БШКнын алдында билдирди.

«Таң атканча баарын изилдеп, карап чыктым. Азыр кол саноого ишенүүгө эч кандай негиз да, кажет да жок. Аны кечээ өзүңөр көрдүңөр, «Клооптун» байкоочулары улам чыгарып жатышат. Протоколдордун баарын оңдоп жатышат. Эми ал протоколдорго эч ким ишенбейт», — деди ал.