«УКМК аркабыздан аңдып жүрөт». Клара Сооронкулова соцтармакта тарап кеткен аудио боюнча үн катты

«Садыр Жапаров УКМКны тыйбаса, шайлоонун жыйынтыгы менен президенттиктен кетиши мүмкүн. Ал октябрь окуяларынан сабак алышы керек болчу». Бул тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова соцтармакта тараган аудио боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине комментарий берип жатып айтты.

Анын айтымында, мындай сүйлөшүү чындыгында болгон, бирок андан бери бир топ убакыт өткөн. Учурда партиянын тизмеси түзүлүп жатат.

«УКМК аркабыздан аңдып жүрөт. Алар бюджеттен аңдууларга эле толтура акча кетиришүүдө. Бул шайлоого үгүт башталганга чейинки эле иш. Үгүт иштери башталганда эмне болот билбейм. УКМКны тыйбаса, шайлоонун жыйынтыгы менен президенттиктен кетиши мүмкүн. Октябрь окуяларынан сабак алышы керек болчу да. Садыр Жапаровго көп киши ишенип добуш бербеди беле, эми мындай иштери менен ишенимден чыгып жатат да. Биз оппозициябыз. Коркуп жатышат. Партиянын тизмесине киргендерди эле бийлик алып барып, коркутуп жатса, анан баары чыгышат да. Бирок бул сүйлөшүүгө көп убакыт болду. Партиянын тизмеси учурда сонун эле түзүлүп жатат», — деди ал.

Сооронкулова бул боюнча соцтармакка да билдирүү жазды. «Жеке аккаунттарды бузуп кирип, УКМК менен ИИМ бийликтин партияларынын кызыкчылыгында өтө ыплас аракеттерди баштады. «Жапаров айта берет, сөзүнөн кайта берет дегенге» дагы бир далил. «Шайлоону таптаза өткөрүп берем» деген сөзү, шайлоо башталбай жатып калп болуп чыкты. Рита экөөбүздүн жеке сүйлөшүүбүз так ушул шайлоонун таза өтүшүнө күмөн саноодон жаралган. Таза адамдарды ушундай коркутуп-үркүтүү системада тизмеге тартуу өтө кыйын. Бирок Кудай буюрса эң мыкты талапкерлер тартылууда. Ар жерлерде бийликтин камчысын чапкандар, элге таанылган же болбосо капчыгы чоң адамдарды кыйнап, мажбурлап тизмеге тартып жатышат деген кабарлар аз эмес. Оппозициялык партияга кирүүгө ниеттенгендерди коркутуп, кысым көрсөтүп, бирден чакырып алып сүйлөшүп жаткандарын да билебиз. Албетте, ушундай шарттарда шайлоого бойкот жарыялап, катышпай койсокпу деген да ой келет», — деп жазды ал.

Социалдык тармактарда «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен укук коргоочу Рита Карасартованын сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Аудиодон Сооронкулованыкы делген үн менен «Ата Мекен» партиясына эч ким кирбей жатканын, Өмүрбек Текебаев эмне кыларын билбей турганын айткан.