Клара Сооронкулова: «Ушунчалык алсыз, «чимкирик» депутаттарды көрө элек элем»

Биз өзүбүздүн акчабызга өзүбүздү аңдытып жатабыз. Бул тууралуу SUPERTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

Буга чейин Сооронкулова соцтармактагы баракчасы аркылуу 100дөн ашык саясатчы, активисттердин телефондору тыңшалып жатканын жазып, тизме жарыялаган эле. Бул боюнча сот тарап да, укук коргоо органдары да тыңшоо мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн билдирди. Сооронкулова парламент да буга көңүл буруп, жабык эшик артында жыйын кылып, тиешелүү тараптардан мыйзамдуу иш алып барып жатышабы же жокпу маалымат алышы керек болчу деген оюн айтты.

«Парламенттик иликтөө кылып, комиссия түзүп койгула. Айтпайын дейсиң, баары бир чыгат да. Мен ушунчалык алсыз, «чимкирик» депутаттарды көрө элек элем. Эми буга чейин деле жыргатканы болгон жок», — деди ал.