Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу башталды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-декабрда иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчысы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

«Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга жана Биримдик жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлат», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Маалым болгондой, жолугушууда келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.