Кочкоров кызматтан кеткенин интернеттен билдим дейт

Улукбек Кочкоров министрликти тапшырып бергени тууралуу кабары жок болгонун, кызматтан өз каалоосу, өз арызы менен кеткенин интернеттен билгенин жарыялады. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

27-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Улукбек Кочкоров бошотулганы жана ага президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону маалым болгон. Эртеси аталган кызматка вице-премьерликтен бошотулган Аида Исмаилова талапкер катары көрсөтүлгөн. Бирок Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаттарынан бир топ сын пикирлерди угуп, жыйынтыгында колдоо тапкан эмес.

Улукбек Кочкоров да, Аида Исмаилова да 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын катарында катышкан. Кочкоров тизмеде 2-катарда, ал эми Исмаилова ошол эле партиянын тизмесинде 36-катарда болгон.