Кой-Таш окуясы боюнча чуулгандуу видео тарады. Ал тууралуу адвокат Замир Жоошев эмне дейт?

2019-жылдын 7-8-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйүндө болгон окуялар боюнча тараган чуулгандуу видео тууралуу адвокат Замир Жоошев SuperTV телеканалына комментарий берди.

«Бул ишти кайрадан кароого алып, тергөө жүргүзүү керек. Иште калыс тергөө жүргөн эмес. Адилеттүү тергөө жүргүзүүгө ошол бийликтин тушунда мүмкүн да болгон эмес. Дал ошол бийликтин буйругу менен күнөөсүз адамды, түп-тамыры менен мыйзамсыз жол аркылуу күбө катары алып келүүгө “Альфа” кызматкерлери жөнөтүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыздык менен уланган окуяда » Альфа» кызматкерлеринин аскерлеринен тартып, командирлерине чейин Атамбаевдин дарыгерин ур-токмокко алып, сабап жаткандыгы да мыйзамсыз. Видеодо көрүнүп тургандай эле, аскер кызматкери башчысынан жаза алышым мүмкүн деп коркуунун ордуна, дарыгерди бетке тээп жиберген жерин көрүүгө болот”, — дейт адвокат.

Жактоочу жаңы бийлик жаңы шартта жана бейтарап тергөө жүргүзүүсү керектигин кошумчалады.