Кой-Ташта «Альфа» кызматкерлери күнөөсүз элди, айыпсыз врачты да сабаган. Интернетке чуулгандуу видео тарады

2019-жылдын 7-8-августунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйүндө болгон окуялар боюнча чуулгандуу видео интернетке тарады.

Ал видеодо 7-август күнү, Атамбаевдин үйүнүн ичинде, экс-президенттин тарапташтары чогула элек маалда «Альфанын» кызматкерлери күнөөсүз адамдарды уруп-сабап, тээп, сөгүп жүрүшкөнүн, атүгүл экс-президенттин врачын да сөгүп, тээп сабашканы тартылган. Атайын кызматтын жоокерлеринин баш кийимине орнотулган видеокамераларга тартылган бул видео кантип интернетке тарап кеткени азырынча белгисиз. Бирок бул видео «Альфа» кызматкерлеринин, аларды Кой-Ташка жиберген УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин ошол күндөгү иш-аракеттерин кайра карап чыгууга негиз бериши толук ыктымал.