«Кой терисин кийген карышкыр», «Оозуңду жап». Жогорку Кеңештеги кайым айтышуу

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев өткөн аптадагы комитет жыйынында анын дарегине Адахан Мадумаров сын айтканын билдирди. «Силер өзүңөрдүн досуңардын мыйзамын өткөрүп жатасыңар» деп айтты. Мен буга кошулбайм», — деди Токторбаев. 

«Биз ал долбоорду комитетте карадык. Аны кайтарып, кайра комитетте карагандын кереги жок болчу. Адахан Мадумаров мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын койбоду. Мен сүйлөсөм эле балекет башталат экен деп, өзүн бийик тутуп, өзү жөнүндө бийик ойдо, бирок андай эмес. Ал 88 депутаттын бирөөсү. Трибунада сын айтсам, кечирим сурайм. Адахан мырза, сиздин образыңыз — кой терисин кийген карышкыр. Сиз өзүңүздүн…» — деп Токторбаев сөзүн аяктай электе микрофон өчүрүлдү.

Спикер Талант Мамытов микрофон бере албасын айтып, регламент боюнча башка депутаттардын атын атап, аларга шек келтирүүгө болбостугун билдирди. Ага карабастан Токторбаев нааразычылыгын кыйкырып айтып жатты. Бир катар депутаттар аны сабырдуулукка чакырышты. Бул учурда Токторбаев менен Тазабек Икрамов кайым айтыша кетти. Токторбаев Икрамовго «оозун жабууну» талап кылды. Икрамов ага залдан чыгууну айтты. Ошол эле партиянын мүчөлөрү Токторбаевди орундугуна жеткиришти. 

Ал эми Исхак Масалиев бул залда ар кандай ачуу сөздөр айтыларын айтып, сабырдуулукка чакырды. «Анысын деле айтып жатышпайбы, «чимкириктин ордуна башкалар келди деп». Биз 5 жыл чогуу иштейбиз. Эртең учурашабыз, көрүшөбүз», — деди ал.