«Койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып бер». Бектурганов Бейшеналиев коркутканын айтты

«Койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып бер». Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов министр Алымкадыр Бейшеналиев коркутканын айтты.

«Мен министрдин орун басары болуп бир жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатам. Бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүүдө «Койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып бер» деп айткан. Тилекке каршы, ал сүйлөшүүнү жаздырып калган эмесмин. Бейшеналиев мени кызматтан алам деген эмес. Бул сөздү эмне үчүн айтканын деле билбейм. Мени бул кызматка Министрлер кабинетинин башчысы дайындаган», — деди Улук-Бек Бектурганов.

Бүгүн, 16-майда министрдин орун басарлары Жапаркул ТашиевЖалалидин РахматуллаевУлук-Бек Бектурганов жана министрликтин алдындагы башкармалыктын жетекчилери маалымат жыйынга өткөрүштү.