Кожошев: «Чек арадагы 62 жеңилдик алуучу конуштардын тизмеси ырааты менен кеңейтилет»

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткен облусунда атайын салыктык-инвестициялык режим иштейт, облустун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жеңилдетилген жана акысыз (медициналык жана башкалар) негизде көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү боюнча атайын кеңеш түзүлүп, ал эми аймакты өнүктүрүүгө бюджеттен жыл сайын 500 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, аталган мыйзамдын алкагында Министрлер кабинети 62 жеңилдетилген чек ара конуштарынын тизмесин бекитүү чечимин биринчи этапта кабыл алган. Бул тизме толук эмес, мыйзам чегинде жана бардык зарыл процедураларды сактоо менен толукталмакчы. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, аталган тизме өкмөттүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтому менен бекитилген башка ченемдик укуктук актынын алкагында бекитилген.

«Бул тизмеге Баткен районунун бардык чек ара айылдары кирбейт, анткени аларды киргизүү үчүн өзгөчө шарттар бар. Бул мыйзамдын талабы, үч шарт тең сакталышы тийиш. Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Баткенде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө. Бардыгын дароо жасоо мүмкүн эмес, айрыкча аймакта 12 жыл ичинде түзүлгөн кырдаал анча жакшы эмес. Эң негизгиси, «муз жарылып, иш башталды», — деди ал.