Кожошев Дубайда экономика министри жана Ислам банкы тобунун төрагасы менен жолугушту

Кечээ, 30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай шаарында өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун төрагасы менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марринин сүйлөшүүсүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин жана айыл чарба, энергетика, туризм жана өз ара аракеттенүүнүн башка тармактарында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Тараптар ортосундагы пикир алышууда ушул жылдын биринчи жарымында БАЭ экономика министринин бизнес-делегация менен  Кыргыз Республикасына пландаштырылып жаткан сапарына  басым жасалды.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун төрагасы Мухаммад Сулейман Аль-Джасер менен жолугушуусунда Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жана инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жеке секторду колдоо сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы ата мекендик экономиканы чыңдоого жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга чоң салым кошууда. Өз кезегинде финансы-кредиттик мекеменин төрагасы биздин өлкө менен мындан ары ийгиликтүү кызматташууга жана банктын Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышуусуна ишенимин билдирди.