Кожошев: «Казакстан менен чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз»

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүүсүн камсыздоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда 19-апрелде Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмесинин Протоколунун 1-пунктунун аткарылышы, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын биздин өлкөнүн аймагынан ташылган товарлар үчүн электрондук эсеп-фактураларысыз  чыгып кетишине жол бербөө чаралары каралды.

Жолугушууда Арзыбек Кожошев белгилегендей, буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ташылган жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок транспорт каражаттарын өткөрбөшү керек. Өз кезегинде казак тарап Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен келе жаткан жүк ташуучу унааларга карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт.

«Салык кызматынын ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Фискалдык органына мобилдик топ менен биргеликте жүк ташуучу унааларды текшерүүнү караган токтом кабыл алды. Анда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында салыктык эсепке алуу үчүн электрондук эсеп-фактуралардын болушун текшерүү каралган», — деди Кожошев.

Анын айтымында, бул чечим 9-майдан тартып күчүнө кирет жана Салык кызматына бул иш-чараларды толук ишке ашыруу үчүн укуктук маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев мамлекеттик органдарга жогорудагы милдеттерди аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Ички иштер министрлигине өткөрүү пункттарындагы салык кызматкерлерине көмөк көрсөтүү тапшырылды. Аны менен бирге мамлекеттик органдарга жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

«Бардык жүк ташуучулар абийирсиз экспорттоочулардын айынан жапа чегип жатышат. Эрежелер баарына бирдей, буга жол берилбеши керек. Чек арада товарларды кармап турууга байланышкан бардык жагдайлар боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Экспорттоочуларга электрондук эсеп-фактурасы жок жүрүүгө уруксат берген тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине да чара көрүлөт. Чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Кожошев.