Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушу бүткөнү калды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Негизинен мамлекет башчысы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Өлкө башчысына Кыргызстандагы ири туннелдерден боло турган туннелдин 2991-метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалды. Туннелди куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы – 10 метр, бийиктиги – 8,5 метр. Туннелдин 3800 метринин 3619у тешилди.

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бериши керек.