Кокулов, Мадумаров… Абдрахматованын кызматтан бошотулушуна дагы ким каршы болду?

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтом долбоору добушка коюлуп, 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди.

Анда Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»), Эрулан Кокулов («Ынтымак»), Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»), Акбөкөн Таштанбеков («Элдик»), Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») каршы деп добуш берди.

Атыр Абдрахматова өткөн жылдын март айында 50 добуш менен Жогорку Кеңеште Акыйкатчы болуп шайланган. Анын талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана «Ыйман нуру» сунуштаган болчу.