Кол чаап! Депутаттар Байсаловдун отставкага кетүүсүн талап кылышууда

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш болуп айрым депутаттар Эдил Байсаловдун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан отставкага кетүүсү керектиги боюнча маселени көтөрүштү. Буга кечээ, 20-июнда парламенттин комитеттик жыйынында болгон окуя себеп болгонун билдиришти.

«Биз бул маселени көз жаздым калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу талап жана эскертүүлөрдү бердим. Керек болсо, анын кызмат орду боюнча да караганга учур келди деп ойлойм», — деди Шакиев.

Депутат Айбек Осмоновдун айтымында, Байсалов «элдин атынан сүйлөбөгүлө» деген сөзү үчүн жооп бериши керек.

«Бул биринчи жолкусу эмес. Мен Байсаловдун отставкага кетүүсүн талап кылам», — деди депутат Эрулан Кокулов.