Кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттарга «жыйынга келбегиле» деген команда берилдиби?

Бактыбек Жетигенов

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтмөк. Анда камакка алынган депутат Бакытбек Жетигенов боюнча маселе каралмак. Бирок жыйындын башка күнгө жылдырылганы маалым болду.

Бул өз учурунда соцтармакта талкууга жем таштап, «Кечээ түнү менен Жетигеновду камакта калтыруунун амалын жасашып, депутаттарга «жыйынга келбегиле» деген команда беришиптир» деген пикирлер жазылууда. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова менен байланышканыбызда, маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. «Бул маалымат калп, азыр бирөөнү бирөө коркутчу заман эмес. Жогорку Кеңештин жыйыны 22-декабрга жылдырылды. Эмки аптада депутаттар өлкөнүн 2022-жылга болгон бюджетин жана башка бир катар маанилүү маселелерди карашат», — деди ал.

Өткөн аптада депутаттык комиссия депутат Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тарткан. Жыйында комиссиянын чечимин окуган депутат Аманкул Токтомамбетов кесиптештеринен маселе добушка коюлганда толук келип берүүнү суранган болчу.