Кол тийбестиктен ажыратуу. Комиссиянын курамына дагы үч депутат кирди

Жогорку Кеңеште депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын курамы кеңейди. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды. Анын курамына дагы үч эл өкүлү кирет. “Ата Мекен” фракциясынан Айсулуу Мамашова, “Бир-Бол” фракциясынан Аманкул Токтомамбетов, “Республикадан – “Ата Журт” фракциясынан Бакыт Райымкулов. Буга чейин комиссия жети депутаттан турган.

Депутаттар Бакыт Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү боюнча комиссиянын чечимин күтүп жатышат.