Колдоого ыраазычылык билдирилди. Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кечээ, 13-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө казак президенти кыргыз тарапка Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.