Ысык-Көл районунда малдын көбүнөн көлдүн жээги кык болуп кетти. Бул тууралуу депутат Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.
«Совет маалында Ысык-Көл районунун малы Челек деген Казакстандын жайлоосуна чыкчу эле. Союз ыдырагандан кийин ал жерге жайылбай калды. Челек жайлоосу деле казак бир туугандарга алыс жайлоо. Ал эми Ысык-Көл районунун малчыларына абдан жакын, ыңгайлуу болчу. Бул оор маселе экенин түшүнүп турам, бирок муну көтөрбөскө айла жок. Азыр ал жайлоодо жапайы мал-жандык көбөйүп, өрт коопсуздугу да күчөп турат. Казакстан менен жакын карым-катнаштабыз. Эл аралык сүйлөшүүлөр болгондо бул маселени көтөрүп көрүш керек», — деди ал.