Комиссия Жээнбеков, Зулпукаров, Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча комиссия чечим чыгарды. Алар үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыраткан жок. Чечим Конституциянын 78-беренесинин негизинде кабыл алынган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча комиссия түзгөн. Ал эми бүгүнкү жыйындын күн тартибине комиссиянын чечими каралат. Башкы прокуратура маалымат таратып, эгер парламент кармалган депутаттарды жоопко тартууга макулдук бербесе, алар камактан бошотулат жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотуларын айткан.