Комитет төрагалыгынан кеткен Медер Алиев Кемпир-Абад боюнча кандай добуш берген?

17-ноябрда депутаттар Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууга добуш беришкен. Жыйында 65 «макул», 18 депутат «каршы» добуш берген. 

Ал эми бүгүн, 30-ноябрда депутат Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар боюнча парламенттик комитеттин төрагалыгынан кеткенин айтып, буга Кемпир-Абад себеп болгонун айтты.

Парламент добуш берген күнү депутат Дастан Бекешев Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоого добуш берген депутаттардын видеосу менен бөлүшкөн. Видеодон көрүнгөндөй, Медер Алиев добуш берүүгө катышкан эмес.