Конституциялык кеңешменин курамында кимдер бар? (89 адамдын тизмеси)

Коомдук талкууга чыгарылгандан бери жаңы Баш мыйзамдын долбоору чоң талаш-тартыштарды жаратып жатат. Кечээ, 20-ноябрда Конституциялык кеңешме өз ишин баштаган. Анын биринчи жыйынында президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу «Конституция жөнүндө» мыйзамдын долбоорун сунуштаганын, андан соң президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жарлык чыгарганын айткан.

Мамытов кайрылуусунда Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөнүн билдирген. Ал кеңешме талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча сунуштарды киргизет. Конституциялык кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

89 адамдан турган толук тизме:

1. Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович – КРСУнун Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Конституциялык кеңештин төрагасы;

2. Керезбеков Канат Керезбекович – ЖК депутаты;

3. Тогусаков Осмон Асанкулович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары;

4. Абдраимов Абсалам – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эксперти;

5. Автандилова Сайкал Молдошевна – ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик жана укуктук дисциплиналар кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

6. Айдаров Салайдин Абдираевич – ЖК депутаты;

7. Акматалиев Абдылдажан Амантурович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик;

8. Алиев Медер Кубанычевич – көз карандысыз эксперт;

9. Алимбеков Нурбек Каарыевич – ЖК депутаты;

10. Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич – Кыргыз экономикалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору;

11. Аманалиев Урмат Олжобекович – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

12. Арабаев Автандил Анисович – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

13. Арабаев Чолпонкул Исаевич – Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору, корреспондент-мүчө;

14. Аркабаев Нооманжан Акматович – ЖК экс-депутаты;

15. Асанканов Абылабек Асанканович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, корреспондент-мүчө;

16. Атабеков Бөкөнбай – коомдук ишмер;

17. Ашыралиев Кемел – коомдук ишмер;

18. Баетов Батыркул Исаевич – экономика илимдеринин доктору;

19. Байжиев Мар Ташиевич –Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу;

20. Байсалов Эдил Жолдубаевич – Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Элчиси;

21. Бардинова Нуржан Арзыкуловна – КР тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

22. Бокоев Жаныбек Абдраевич – КУУнун профессору, юридика илиминин доктору;

23. Болтобаева Венера Мурзаевна – “Ларк Аналитикалык изилдөө борбору” КФнын директору;

24. Ботоева Чынара Кычийевна – ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент;

25. Бокоев Кенжебек Сатымкулович – Жогорку Кеңештин депутаты;

26. Джаилов Жумабек Сатаевич – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;

27. Джаманкулов Марат Тургунбаевич – юстиция министри;

28. Естебесов Адыл Жээнбекович – Өкмөт аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

29. Джураев Абубакир Мухтарович – Физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

30. Жапаров Акылбек Усенбекович – ЖК депутаты;

31. Жапаров Турдубек Турдалиевич – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору;

32. Жунус уулу Адыл – ЖК депутаты;

33. Зулушев Курманкул Токторалыевич – Башкы прокурор;

34. Ибраев Байтемир Карыпбекович – экс-башкы прокурор;

35. Иминов Махамаджан Саитович – Президенттин Администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

36. Исаков Эсенгул Байдалиевич – ЖК экс-депутаты;

37. Исмаилов Нурлан Асанович – Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юридика кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент;

38. Исманов Таалайбек Кадырович – Эл аралык университетинин Дистанттык окутуу мультимедия институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору;

39. Кадыралиев Алмаз Токтобекович – Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты;

40. Кайыпов Марат Таштанович – коомдук ишмер;

41. Калиева Гульбара Утюровна – Жогорку Соттун төрагасы;

42. Карашев Аалы Азимович – ЖК депутаты;

43. Кенжебаев Байгазы Бобунович – ЖК депутаты;44. Койчуманова Чолпон Урушбековна – КР УИАнын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөө борборунун башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;

45. Кошалиев Кадыр Амиракулович – журналист, коомдук ишмер;

46. Курманкожоев Улугбек Мукамбаевич – Россиянын Элдер достугу университетинин юриспруденция магистри;

47. Курманов Данияр Кубанычбекович – Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

48. Кыдыралиев Сыргак Капарович – БААУнун доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты;

49. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – ЖК депутаты;

50. Летова Ирина Витальевна – көз карандысыз эксперт;

51. Малабаев Болот Нурбаевич – КУУнун Юридикалык факультетинин докторанты;

52. Мамасаидов Алимардонбек Махаммаджанович – адвокат, Юридика илимдеринин кандидаты;

53. Маматалиев Марлен Абдырахманович – ЖК депутаты;

54. Маматкеримова Гульмира Рысбековна – көз карандысыз эксперт;

55. Мамытов Токон Болотбекович – Омбудсмен (Акыйкатчы);

56. Молдобекова Гулкан Сакиновна  –  ЖК депутаты;

57. Мукасов Ысманалы Мукасович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысы, корреспондент мүчө;

58.  Мураталиев Мелис Казакбаевич – Бакдөөлөт Фондунун жетекчиси;

59. Мусаев Сыртбай Жолдошович – филология илимдеринин доктору, профессор;

60. Мотуев Нурдин Аманканович – журналист, коомдук ишмер;

61. Нурматов Темирбек Асанович – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

62. Омурзаков Аманбай Токторович – “Фонд Регистр” ЖЧКсынын башкы директору;

63. Орозбаев Бектурган – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директорунун орун басары;

64. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич – Физика-математика илимдеринин доктору;

65. Примов Улан Бердибаевич – ЖК депутаты;

66. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович – ЖК депутаты;

67. Райымкулов Билим Сардалбекович – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясынын Адвокаттар Кеңешинин төрагасы;

68. Салиев Бахтияр Усманович – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

69. Саралаев Нур Керимкулович – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору;

70. Сарыбаев Асанбек Мукашевич – коомдук ишмер;

71. Сманалиев Кынат Мойнокович – КУУнун Юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

72. Сооданбеков Жумагул – коомдук ишмер, академик;

73. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович – ЖК депутаты;

74. Сыдыкова Лейла Чынтургановна – КРСУнун проректору, юридика илимдеринин доктору;

75. Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич – ЖК депутаты;

76.  Токсонбаев Болот Темирбекович – Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору;

77. Токтобаев Болот Токтомышевич – КУУнун мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору;

78. Торалиев Садирдин – коомдук ишмер;

79. ТурсунбаеваНазира Сартбаевна  –КРСУнун Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

80. Турсунбек Акун – экс-Омбудсмен (Акыйкатчы);

81. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович – ЖК депутаты;

82. Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович – ЖК депутаты ;

83.  Чакиев Максат Жолдошбекович – КУУнун ардактуу профессору;

84. Шайымбетов Казыбек Орозакунович – экс-депутат;

85. Шамшиев Улан Насирдинович –  көз карандысыз эксперт;

86. Шерипов Нурлан Турганбекович – Юридика илимдеринин доктору, профессор,конституционалист;

87. Эргешов Зайырбек Жолчуевич – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору;

88. Эсеналиев Эркин Шаршенбекович – коомдук ишмер;

89. Юсуров Абдумажит Лелезович – ЖК депутаты.