Конституциялык кеңешменин курамынан Канат Керезбеков чыкты

Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Эң кызыктуу жагдайы кеңешменин төрагасынын орун басары жана Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков курамдан чыгарылды. Буга анын үй-бүлөлүк жагдайы себеп болгону айтылды. Курамга 10 адам кошулду. Арасында коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев, көз карандысыз эксперт Мурат Укушев, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар бар.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Буга удаа эле курамына 89 киши кирген Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал Конституциянын долбоорун талкуулоого киришкен.