Конституциялык палата Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоону жылдырып жиберген чечиминин мыйзамдуулугун карап жатат

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палата Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоону жылдырып жиберген чечиминин мыйзамдуулугун карап жатат. Ал «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова, юристтер Нурбек Касымбеков менен Таалайбек Усубалиевдин арызы боюнча чечим чыгарышы керек болот.

Арыз менен кайрылууга «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык мыйзамынын айрым нормаларын токтото туруу жөнүндө» мыйзамынын беренелерине байланыштуу кайчы пикир себеп болгон.

Арызда парламент Жогорку Кеңештин регламентинин 10-беренесиндеги 8-пункту четке каккандыгы жазылат. Анда социалдык-экономикалык кырдаалдын стабилизациясы өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгенине шартталышы керек деп жазылган. Бирок Жогорку Кеңеш чечимди кабыл алган 22-октябрь күнү жогорудагы режимдердин биринде да эмес болчу.

Буга чейин Венеция комиссиясы «Конституциялык палата шайлоону жылдыра туруу тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга дал келбейт деп таанышы керек. Эч кандай форс-мажордук негиз да жок болчу» деп чечим чыгарганы маалым.