Конституциялык палата кечээ чыгарган чечимине түшүндүрмө берди

Кечээ, 2-декабрда Конституциялык палата Парламенттик шайлоону жылдырып жиберген мыйзам Конституцияга каршы келбейт деген бүтүмгө келди. Буга байланыштуу шайлоонун мөөнөтүнүн узартылышын эмне үчүн мыйзамдуу деп тапканы боюнча түшүндүрмө берилди.

Маалыматка караганда, мамлекет кандайдыр бир өзгөчө абалга кабылбайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Андыктан мындай кырдаалдар жаралганда айрым мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алып, пайдаланса болот.

“Өлкөнүн ошол кезде масштабдуу социалдык-саясий кризисте турганын тана албайбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин өзгөчө абал учурунда шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо конституциялык реформадан кийинки мөөнөткө чейин токтотулган болчу.

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана юристтер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.