«Конституциялык палата шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга дал келбейт деп таанышы керек». Венеция комиссиясы чечим чыгарды

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев 4-ноябрда Венеция комиссиясына кат менен кайрылганы маалым болду. Анда ал конституциялык реформаны жүйө келтирип, парламенттик шайлоону өткөрүүнү жылдыра туруу маселеси боюнча тез аранын ичинде аталган комиссиядан бүтүм чыгарып берүүнү суранган. Кечээ, 18-ноябрда Венеция комиссиясы буга байланыштуу «Конституциялык палата шайлоону жылдыра туруу тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга дал келбейт деп таанышы керек. Эч кандай форс-мажордук негиз да жок болчу» деп жооп берген.

Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынын эксперттери мындай жыйынтыкка келген:
1. Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, ыйгарым укуктары азайган учурда парламент айрым жөнөкөй функцияларды гана аткара алат. Мындай мезгилде өзгөчө чараларды беките албайт, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок.
2. Азыркы парламент конституциялык мыйзамдын аракетин токтотуп, демократиялык оюндун эрежесин өзгөрткөн. Конституциялык реформаны демилгелеп чыгуу жана жүргүзүү ар тараптуу анализди жана мыйзам чыгаруучу бийликтин ичинде да, сыртында да коомдук талкууну талап кылат. Бул процесс өткөөл мезгилде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, комиссия Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албайт деген корутунду чыгарган. Комиссиянын эксперттери бардык конституциялык жана мыйзамдык өзгөрүүлөр Баш мыйзамда жана мыйзамдарда жазылган процедураларды жана мөөнөттөрдү сактоо менен ишке ашышы керек дешкен.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо  тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Документ кечээ, 17-ноябрдан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Бирок демилгелеп чыккан депутаттардын айрымдары мыйзам долбоорун окубай эле кол коюп бергенин же туура эмес түшүнүп алып кол коюшканын айтышууда.