Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы 24-январда өтөрүн билдирди

Кечээ, 17-февралда Конституциялык сот 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциянын тиешелүү жоболору жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен системалуу өз ара байланышта 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.

Конституция – бул баарыдан мурда коомдук бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн уюштуруучулук ченемдик негизи. Өзүнүн табияты боюнча Конституция туруктуу болууга багытталган, анткени ал укуктук тартиптин биримдигин жана алдын ала болжолдонушун камсыз кылат. Ошол эле учурда ал коомдук турмуштун объективдүү өзгөрүүлөрүнө жооп кайтарууга жана жаңы чакырыктарга жооп катары бийликти уюштуруу механизмдеринин түпкү башатын бузбастан, оңдоого жөндөмдүү жандуу документ катары өзүнүн сапатын жоготпойт.

Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин жападан-жалгыз булагы катары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүктү берип, коомдук бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган. Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден башкасына өтүү объективдүү жол берилген көрүнүш болуп саналат. Ошону менен бирге конституциялык трансформацияга жол берилишинин фактысынын өзү анын юридикалык тактыгына карата талапты жокко чыгарбайт. Башкысы болуп Негизги мыйзамдын текстин өзгөртүү эмес, бир ченемдик конструкциядан экинчисине өтүү ыкмасы жана логикасы негизги болуп саналат. Укуктук режимдин анык эместиги менен коштолгон конституциялык ажырым коомдук бийликтин легитимдүүлүгүн солгундатып жана анын туруктуулугуна шек келтирип, карама-каршылыкты жаратып, укуктук аныктык принцибин бузушу мүмкүн. Тиешелүү түрдө, конституциялык багыттар алмашкан учурда укуктук уланмалуулукту камсыз кылуу негизги милдет болуп саналат. Ушуга байланыштуу, өткөөл мезгилдин укуктук жактан тариздөө өзгөчө мааниге ээ болот, анткени дал ушул мезгилде конституциялык укуктук тартип аярлуу абалда болот.

Өткөөл жоболор конституциялык реформалоо учурундагы турбулентүүлүктү азайтууга багытталган бир катар материалдык жана жол-жоболук кепилдиктердин комплексин колдонууга киргизүүчү укуктук турукташтыргыч функциясын аткарат. Дал ушундай өз ара байланышкан кепилдиктердин системасы аркылуу өткөөлдүн башкаруусу, коомдук бийликтин функционалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү камсыздалат. Мында өткөөл жоболордун мааниси, алардын Конституцияга өзгөртүүлөрдүн потенциалдуу кризистик фазасын юридикалык жактан уюштурулган процесске трансформациялоодо турат, анын алкагында Конституцияны жаңыртуу коомдук бийликтин легитимдүүлүгүнө доо кетирбестен, коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратпастан жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жоготпостон жүргүзүлөт.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун натыйжасында киргизилген конституциялык модель ыйгарым укуктарды институционалдык кайра бөлүштүрүү жана коомдук бийликтин конфигурациясын өзгөртүү менен гана чектелбестен, ошондой эле эң жогорку мамлекеттик кызматты – Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун укуктук режимине да таасирин тийгизди. 2021-жылдагы жаңы Конституциянын 67-беренесинде президенттик бийликти кайра түзүү үчүн ар кандай параметрлер бекитилип, ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтүн жана кызматта эки мөөнөт болуу чеги белгиленген.

2010-жылдагы Конституциядагы редакцияда жөнгө салуу (61-берене) башкача логика боюнча түзүлгөн: Президент 6 жылдык мөөнөткө шайланган, ошол эле учурда бир эле адам эки жолу шайлана алган эмес. Мындай конструкцияда иш жүзүндө бир гана президенттик мөөнөт жана мандаттын башка узактыгы болжолдонгон. Натыйжада, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун убакыттык параметрлери гана өзгөрүлбөстөн, президенттик мандатты чектөөгө карата ченемдик ыкма – алты жылдык бир жолку мөөнөттүк моделден белгиленген конституциялык чектөөнүн чегинде кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдык мөөнөттүн моделине өзгөрүлгөн.

Бул өзгөрүүлөр, жаңы конституциялык моделди колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын учурдагы президент Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге туура келгендигине байланыштуу, түздөн-түз практикалык-укуктук мааниге ээ болду. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенти 2010-жылдагы Конституцияга ылайык шайланып, ыйгарым укуктарынын алты жылдык мөөнөтү менен 2021-жылдын 28-январында кызматка киришкен. Тиешелүү түрдө, 2021-жылдагы Конституция күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну коомдук бийликтин жаңы конституциялык архитектурасынын алкагында улантып келди.

Бирок президент шайланган күндөн беш жыл өтүшү менен коомдук жана эксперттик чөйрөдө анын ыйгарым-укуктарынын узактыгы жөнүндөгү маселеге карата ар кандай пикирлер белгилене баштады. Бул талкуунун мазмуну 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген президенттик ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституция колдонулган мезгилде белгиленген президенттик мандатка жайылтылабы же ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу тартибине карата 2021-жылдагы Конституцияны бир эле маалда колдонууда бул мандаттын мөөнөтүнүн узактыгы баштапкы белгиленген көлөмдө сакталабы деген маселени аныктоого келип такалат.

Баарынан мурда, Конституциялык сот президент Садыр Жапаровдун шайлоо мандаты эгемендиктин ээси болгон эл тарабынан өзүнүн уюштуруучулук бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруунун натыйжасы болуп саналарын, ал туруктуу коомдук-укуктук абалга алып келээрин жана аяктаган юридикалык факт катары пайда болорун негизге алат. Шайлоого катышуу менен эл жогорку ишеним берүү актысын ишке ашырат: ал анын чечимдеринин толук аткарылышына ниеттенип, бийликти кайсы бир убакытка өткөрүп берет. Добуш берүүнүн маңызы – жеке адамды тандоодо гана эмес, ошондой эле алдын ала жарыяланган жана баарына түшүнүктүү болгон мандаттын негизги параметрлерин аныктоодо: ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүндө жана тартибинде турат.

Конституциялык-укуктук мааниде мандаттын юридикалык жактан таризделишиКыргыз Республикасынын элине ант берүү аркылуу кызматка киришүү менен аяктайт. Көрсөтүлгөн учурдан тартып мандат ошол учурда колдонуудагы конституциялык тартиптин алкагында эл тарабынан берилген баштапкы параметрлерде милдеттүү түрдө таанылууга жана сакталууга жатат.

Конституциялык кайра куруу шарттарында, жогоруда 4-пунктта белгиленгендей, конституциялык ченемдердин убакыт аралык колдонулушу (интертемпоралдуулук) мамлекеттик бийликтин үзгүлтүксүздүгүн, укуктук тартиптин болжолдуулугун жана өткөөл мезгилде мамлекеттик институттардын мыйзамдуулугун сактоону камсыз кылуучу юридикалык механизм катары негизги мааниге ээ болот. Конституциялык өлчөмдөгү интертемпоралдуулук кепилдик берүүчү функцияны аткаруу менен, бул жаңы Конституция мурдагы конституциялык эрежелер боюнча түзүлгөн эл менен бийликтин ортосундагы мурда келип чыккан жана юридикалык жактан жол-жоболоштурулган мамлекеттик-укуктук мамилелерге ретроактивдүү кийлигишпеши керек дегенди билдирет. Конституциялык өткөөл уланмалуулуктун инструментинен мурда болгон юридикалык фактылардын натыйжаларын баасыздандыруу инструментине айланбашы керек.

Жогоруда баяндалгандардан улам, 2021-жылдагы Конституцияга негизделген Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы мандатынын жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга алып келүүчү чечмелөө арткы күн менен “оюн эрежелерин” ретроактивдүү түрдө өзгөртүүнү билдирет, бул укуктук аныктыктын талаптарына жана жогорку мамлекеттик бийликти түзүүнүн конституциялык механизми катары шайлоонун легитимдүүлүгүнө шайкеш келбейт.

Мөөнөттү ретроактивдүү кыскартууга көрсөтүлгөн тыюу салуу 2021-жылдагы Конституцияны колдонууга киргизүүдө белгиленген өткөөл жөнгө салууда түздөн-түз ченемдик ырастоону алат. Алсак, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө 2021-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган Президент 2021-жылдагы Конституцияга ылайык өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантаары так белгиленген, мында мөөнөттөрдүн саны боюнча жаңы конституциялык чектөөнүн алкагында бул алты жылдык мөөнөт биринчи мөөнөт катары эсептелет. Муну менен Мыйзамдын жогоруда белгиленген ченеми бир эле учурда 2021-жылдагы Конституциянын ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну улантууга карата колдонулушунун жана эки мөөнөт жөнүндө жаңы конституциялык эреженин алкагында алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсептөө маселелерин чечет.

Мында, мөөнөттү эсептөө бөлүгүндө Конституциялык сот 2021-жылдагы Конституция боюнча алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсепке алуу учурдагы мандаттын укуктук классификациясынын гана маанисине ээ экенин жана анын баштапкы параметрлерине, анын ичинде учурдагы мөөнөттүн узактыгына жана анын аяктоо учуруна таасир этпей турганын белгилейт. Демек, “эсептөө” мөөнөттү кайра эсептөөгө же аны кандайдыр-бир кыскартууга алып келбейт жана алып келе албайт; ал “эки мөөнөттөн ашык эмес” эрежесин колдонуу үчүн гана кызмат кылат. Башкача чечмелөө юридикалык жактан жол берилбейт, анткени ал “эсептөө” деген түр менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ретроактивдүү кыскарышына, муну менен мандаттын аяктоо күнүн мыйзамсыз жана укуктан тыш өзгөрүшүнө алып келет.

Ошентип, 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу учурунда башталган президенттик мандатка жайылтылбайт: башталган мөөнөт баштапкы белгиленген узактыкта – алты жылда аякташы керек. Ошол эле учурда, учурдагы Президент өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантууда, ал эми анын алты жылдык мөөнөтү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн күчүнө ылайык эки мөөнөт жөнүндөгү эреже боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет.

Конституциялык сот жогоруда аталган Мыйзамда камтылган өткөөл жоболор Конституциянын негизги тексти менен бирдей юридикалык статуска ээ экенин белгилейт. Бул алардын Конституция менен бир убакта бир эле уюштуруучу акт менен — референдумдун жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынгандыгы менен байланыштуу. Өткөөл жоболор Конституция менен органикалык бирдикте турат жана аны менен тең жогорку юридикалык күчкө ээ. Демек, өткөөл жоболорду караган мыйзамды кадимки мыйзамдар менен бирдей кароого болбойт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор бөлүгүндө Конституциялык сот Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча коомдук талкуулардын болушу мөөнөтүнөн мурда шайлоо циклинин конституциялык негиздерин түзбөй турганын же алмаштырбай турганын баса белгилейт.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мандатты түзөтүү ыкмасы болуп саналбайт, ал 2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1-бөлүгүндө толук тизмектелген негиздер: арызы боюнча кызматынан кеткенде, белгиленген тартипте кызматтан четтетилгенде, оорусуна байланыштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда, алар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун укуктук натыйжасы катары гана мүмкүн. Бул негиздердин тизмеси жабык, ар кандай кеңейтилген чечмелөө Конституцияда каралбаган негиздер менен ыйгарым укуктарды токтотууну киргизүүнү билдирет, андыктан конституциялык эмес деп саналат. Мындай негиздер жок болгон учурда, мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сценарийине юридикалык жактан жол берилбейт, кезектеги шайлоо циклинин режими колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги шайлоолор “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январында) өткөрүлөт жана аларды дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен (2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирилбестен) жүзөгө ашырылышы керек.