Конституциянын жаңы долбоору иштелип бүттү. Эми Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун жакында Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, баш мыйзамдын жаңы долбоору ушул аптада акыркы жолу талкууланып, андан соң парламенттин кароосуна киргизилет.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда ишин баштаган болчу.