Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңеште 90 гана депутат болот

Архив

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Кеңешке 90 мандат берүү сунушталууда. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды.

«Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 90 киши болду. Шайлоо системасы кандай болот — аны көрсөткөн жокпуз. Аны Жогорку Кеңештин эркине бердик», — деди кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев.

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынын өткөрдү. Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.