Конституциянын жаңы долбоору лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат

Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертизасында каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдришти.

Маалыматка караганда, лингвистикалык экспертизадан өткөндөн кийин долбоор парламенттин аппаратынын башка бөлүмдөрүндө талкууланат. Андан кийин коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланат. Анын мөөнөтү азырынча белгисиз.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун конституциялык кеңешме иштеп чыгып, 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Анда президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасын, Жогорку Соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.