Конституциянын жаңы долбоору. Садыр Жапаров экинчи жолу президенттик шайлоого катыша алабы?

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов Баш мыйзамдын сунушталып жаткан редакциясында президент үчүн кандай ченемдер каралгандыгын түшүндүрдү.

Анын айтымында, учурдагы президент Садыр Жапаров 6 жылга шайланган. Ал эми жаңы мыйзам боюнча ал эки жолу президент болуп шайлана алат. Бирок экинчи жолу шайланса, ал мамлекетти беш жыл гана башкара алат.

“Ал президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра президенттик шайлоого катыша алат. Бирок үчүнчү жолу талапкер болууга мыйзам жол бербей” ,— деди Бөрүбашов.

11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтөт.

Ал эми конституцияны кайра иштеп чыгуу Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Ал өзү да буга чейин бул боюнча бир нече жолу айтып келген болчу.