Конституциянын жаңы долбоору боюнча коомдук талкуу 9-мартка чейин болот. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.
Кечээ, 17-февраль күнү Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча талкуу өткөргөн. Анда эл өкүлдөрү жаңы Баш мыйзам долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөнү менен анын жоопкерчилиги так берилбей, импичмент жарыялоо жолу реалдуулукта мүмкүн болбой калышын айтышкан болчу.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү керектигин айткан эле.