Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Токмок шаарындагы жаңыланган сейил бактын ачылышына катышты.
Жаманкул Саккараев атындагы сейил бак Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин көмөгү менен жаңыланган. Аземде сөз сүйлөгөн төрага шаар макамына ээ калктуу конуштардын социалдык-инфраструктуралык абалы да ошого жараша болушу керектигин белгилеп: “Бала бакча, мектеп, оорукана өңдүү социалдык мекемелери менен катар жолдору, коомдук унаалары да талаптагыдай болушу шарт. Айрыкча шаардыктар эс алып, сейилдей турган заманбап парктар, гүлбакчалар салынышы зарыл. Андыктан, бүгүн жаңыланып ачылып жаткан сейил бак башка шаарларга үлгү болуп, өлкөнүн бардык аймактарында жасалышы керек”, – деди.
Ошондой эле сейил бакты жаңылоо демилгесин көтөрүп, өз каражатын жумшаган депутат Медербек Саккараевдин өрнөктүү ишине жогору баасын берген төрага: “Мамлекет мага эмне жасады эмес, мен мамлекетке эмне жасай алам” деген түшүнүк менен ушундай заманбап сейил бакты ачууга көмөктөшкөн замандаштарыбыздын бар экени кубандырат. Өз ишинде ийгилик жаратуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө да салым кошкон ушундай инсандарыбыз арбын болсун. Мындай өрнөктүү иштер мамлекеттин бардык аймактарында уланса, кыска убакыт аралыгында эле Кыргызстаныбызды гүлдөгөн өлкөгө айлантабыз деген терең ишеничтемин”, – деди Нурланбек Шакиев.